Ноокен районунда узундугу 5300 м канал пайдаланууга тапшырылды

  19.06.17   14:14
 78

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда узундугу 5300 м "Келечек" каналы пайдаланууга тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин маалыматы боюнча "Келечек" каналынын ачылышы менен 1379 гектар жерди өздөштүрүү жакшыртылат, келечекте кошумча 1025 гектар жерди өздөштүрүү камтылат. Жыл ичинде сууну жоготуу 1993 миң куб метрге чейин азаят. Иш чаранын ачылышына өтүп бара жаткан жуманын дем алыш күндөрүндө премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында катышты.

Өкмөт башчы жергиликтүү тургундарды каналды ачылышы менен куттуктап, өкмөт мелиорация системасын модернизациялоо жана калкты сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында бир катар тийиштүү иш чараларды жүргүзүп жаткандыгын белгиледи. Аталган долбоорлорду ишке ашыруу менен өлкөнүн чек арасын бекемдөөгө, ички миграцияны азайтууга жана жергиликтүү тургундар үчүн кошумча жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк жаралат.

Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, 2017-жылы бир катар ирригациялык объектилерди пайдаланууга тапшыруу даярдалууда, жакында эле өкмөт 2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын ирригациясын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны бекитти.

"Аталган программага 58,8 млрд сом бөлүнүп, 65,7 миң гектардан ашык жаңы сугат жер ишке кирет. Жерди суу менен камсыз кылуу 51,6 миң гектарга көбөйүп, 9,5 га насос менен сугарылуучу жерлер өз нугу менен агып келүүчү каналдар менен сугаруу системасына алмашылат, жердин мелиоративдик абалы 50 миң гектарга көбөйөт. Бул программага Жалал-Абад облусу боюнча 13,6 млрд сомдук 7 объект киргизилди. 3 канал, 3 суу сактагыч, бир БСР жана 15,2 гектарга ылайыкталган бөлүштүргүч тармак",- деди премьер-министр.

Өкмөт башчы өлкө президентинин колдоосу менен бир катар инвесторлор суу чарба объекттерин курууга инвестиция салууга даяр экендигин баса белгиледи. Кытай тараптан берилген каражатка жалпы суммасы 32 млн АКШ долларлык алты ирригациялык объектин курулушу башталды. Ушундай эле долбоорлор башка донорлор тарабынан берилген каражаттын эсебинен ишке ашууда.

Сооронбай Жээнбеков өкмөт тарабынан ирригацияны өнүктүрүү жана суу системаларын пайдаланууга берүү боюнча иштер уланып жатканын билдирди.

2013-2017-жылдары өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын жана иштелип жаткан 2040-жылга чейин өнүгүүнүн жаңы стратегиясынын алкагында өлкөнүн ирригация тутумун өнүктүрүүгө жана суу системасын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулууда. Мындай ирригациялык ири долбоорлордун бири 2017-жылдын апрелинде пайдаланууга берилген Баткен облусунун Кадамжай районундагы Актурпак айылында жайгашкан Бүргөндү ирригациялык байланыш массиви болуп саналат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275159

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.