Атамбаев Орусияга иш сапары менен барат

  19.06.17   14:38
 57

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Орусияга беш күндүк мамлекеттик сапар менен барат. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, Атамбаев жетектеген делегация Москвага бүгүн түштөн кийин учуп кетет.

24-июнга чейин созулуучу мамлекеттик сапар кыргыз-орус дипломатиялык мамилесинин 25 жылдыгына арналган. Бул расмий сапар Орусия президенти Владимир Путиндин чакыруусуна ылайык жүзөгө ашырылууда. Анын жүрүшүндө Алмазбек Атамбаевдин Орусиянын президенти Владимир Путин жана өлкө өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушуусу белгиленген.

Мындан тышкары Кыргызстандын президенти Орусиянын илимий коомчулугунун өкүлдөрү жана бул өлкөдөгү кыргызстандыктар менен да кезигет. А.Атамбаев Орусиядагы Кыргызстандын маданият күндөрүнүн ачылышына катышып, 20-июнда Кремлдин чоң залында Кыргызстандын таланттарынын концертин көрөт.

Сапардын жүрүшүндө миграция, саламаттыкты сактоо, каржы жана статистика тармактарындагы эки тараптуу кызматташтыкка таандык бир катар документтерге кол коюлат. Кабыл алына турган документтердин арасында Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы биримдик жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө декларациясы бар.

Пост-советтик өнөктөштөр болгон Кыргызстан менен Орусиянын дипломатиялык алакасына быйыл 20-мартта 25 жыл толду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275162

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.