Кыргыз-тажик чек арасынан бөтөн паспорт менен өтүүгө аракет кылган киши кармалды

  19.06.17   15:55
 96

18-июнда "Кызыл-Бел " көзөмөл өткөрүү жайынын чек арачылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын бөтөн паспорт менен кесип өтүү аракети үчүн Кыргызстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Паспорттук көзөмөлдүн жүрүшүндө 1995-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны У.А. чек арадан башка адамга таандык документти көрсөткөн. Кармалган жарандын айтымында, паспортун жоготуп алгандыгына байланыштуу ал өзүнүн тууганынын паспортун (ID-card) колдонгон. Кармалган жаран Тажикстанга туугандарына бара жаткан.

Тиешелүү иш-кагаздар толтурулгандан кийин кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине тапшырылды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275166

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.