Ысык-Көлдө ажылык сапарга баруучуларга сабактар башталды

  19.06.17   16:32
 66

Ысык-Көл облусунан ажылык сапарга баруучуларга сабактар башталып, аларга ажылыктын шарттар түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле ажылар өздөрүнүн тобун жетектеп баруучу ажы башчылар менен таанышып, улуу сапар боюнча маалыматтарды алышууда. Ал эми алгачкы сабак Каракол шаарындагы борбордук мечитинде өтүп, ажы башчылар коопсуздук, саламаттык жана жүрүм-турум эрежелерин түшүндүрүү менен Сауд Араб Падышачылыгынын жана Кыргызстандын мыйзамдарын так сактоого чакырышты.

"Буга чейин ажылыкка катталган талапкерлерди тиешелүү ажы башчыларга бекитүү, ажылыкка баруучу топторду ажы башчылар менен тааныштыруу жана документтерин толуктоо иштери болуп келген болсо, бүгүн ажыга баруучуларга алгачкы сабак уюштурулду",- деди Ысык-Көл облусу боюнча каттоо адиси Жунус Дюшеков.

Ал эми 2017-жылы Ысык-Көл облусунан бара турган ажыларды коштоп баруучу ажы башчылардын бир Талант ажы Сабриковдун айтымында, учурда ажылар үчүн атайын колдонмо китепче даярдалып, улуу сапарга баруучулардын милдеттери түшүндүрүлүүдө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275169

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.