Ошто салына турган жаңы мектептердин бирин Өзбекстан каржылайт

  19.06.17   16:44
 83

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети бүгүнкү, 19-июндагы жыйынында Ош шаарында мектеп куруу тууралуу Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы түзүлгөн келишимди жактырды.

Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыкановдун айтымында, Өзбекстан жаңы салынат деп жаткан мектепке каражат гана бөлүп тим болбостон, анын курулуш иштерин дагы өз моюнуна алат. Андыктан алар курулуш материалдарынан тартып курулуш техникаларына чейин өздөрүнүкүн колдонушат. Жаңы мектептин имараты кыйроо (авариялык) абалында турган Навои атындагы мектептин ордуна салынат.

"Мектеп 630 орунга эсептелип, кыргыз тилинде билим берет. Анын курулушу ушул быйылкы жыл ичинде толугу менен аяктап калат,- деп болжолдонууда", - дейт Шадыканов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275170

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.