Султанбекова: Ата-энелердин милдеттерин жайылтуучу иш чаралар жетиштүү эмес

  19.06.17   17:13
 38

Бүгүн, 19-июнда, вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Ош шаарында "Кыргыз Республикасындагы балдардын абалы" тууралуу семинар-жыйында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен үй-бүлөнү жана балдарды коргоо маселесин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

"Көп учурда үй-бүлө баалуулуктары, балдарды колдоо жана билим берүү боюнча ата-энелердин жоопкерчилигин жана милдеттерин жайылтуу тууралуу иш чаралар жетиштүү эмес. Аны менен бирге мамлекет көзөмөлдөөчү жана жазалоочу гана милдетти аткарбастан, ошондой эле жардамчысы, иш жүзүндө үй-бүлөнүн жакыны жана өнөктөшү болуп калат",-деди ал.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова өз ишинде жергиликтүү мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үй-бүлөнүн коомдук институтун бекемдөөгө багытталышы керек жана алардын ата-энелеринин, бир үй-бүлөдө бөлүнбөй өсүүнү өнүктүрүү боюнча үй-бүлө мамилелери менен ата-салттуу рухий-адеп-ахлактык баалуулуктарын кайра жаралышын, баланын укугун камсыз кылуу үчүн жеткиликтүү коомдук, билим берүү, жашы жете элек балдары бар үй-бүлөлөрдү жана балдарды медициналык жана башка кызматтарды алуусуна багытталышы керектигин билдирди.

"Муну менен бирге ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялаган үй-бүлөлөрдү, ошондой эле майып ата-энелерди, жашы жете элек балдарды тарбиялаган үй бүлөлөргө өзгөчө көңүл буруу зарыл", - деп билдирди вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова жергиликтүү бийлик оргадарын өкүлдөрүнө кайрылуусунда.

Семинар-кеңешмеде республикадагы балдардын укуктарын коргоо, үй-бүлөнү жана балдарды коргоодо мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу, турмуштук оор кырдаалда жашаган балдардын билим алууга жеткиликтүүлүгү, үй-бүлө тарбиясындагы балдардын укуктарын коргоону камсыз кылуу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаардык мэриялардын ишинин натыйжалуулугун көтөрүү көйгөйлөрү каралды.

Семинар-кеңешменин ишине өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, акимдердин орун басарлары, Ош шаарынын вице-мэри, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин райондук жана шаардык башкармалыктарынын башчылары катышты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275172

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.