Иран Сириянын чыгышындагы жоочуларга ракетадан сокку урду

Кол салуу учурунда кеминде 10 киши өлүп, 40тайы жаракат алган
  19.06.17   18:11
 70

Иран Ислам революциясын коргоо корпусу Сирия аймагына ракетадан сокку урду. Орто аралыктагы баллистикалык ракета Сириянын чыгышындагы Дейр-эз-Зор шаарындагы исламисттерге каршы багытталган.

Иран аскерлеринин маалыматы боюнча базада 7-июндагы терактка тиешеси бар "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун жоочулары болгон.

Ирандын борборунда 7-июнда террорчулардын эки тобу парламент жана аятолла Хомейнинин мавзолейинде чабуул уюштурушкан. Кол салуу учурунда кеминде 10 киши өлүп, 40тайы жаракат алган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275176

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.