Казакстанда эркек киши юбка кийип нааразылык акциясына чыкты

Кийин юбка кийип нааразылык акциясына чыккан адам бул маселе боюнча арыз менен облустук жана Жогорку соттун төрагаларына кайрылганын билдирди
  11.07.17   11:38
 48

10-июлда Шымкент шаарындагы Түштүк Казакстан облустук сотунун алдында жергиликтүү тургун юбка кийип алып нааразылык акциясына чыкты.

Аты-жөнүн жарыялабоону жана жүзүн көрсөтпөөнү өтүнгөн 30 жаштагы эркек анын нааразылыгына жергиликтүү соттордун тестиндеги каталар себеп болгонун билдирди. Айтымында, алардын биринде аны аял деп көрсөтүп коюшса, башкасында жашаган жерин туура эмес жазышкан.

Нааразылыгын билдирип чыккан жергиликтүү тургунду кабыл алган облустук соттун судьясы Мухтар Каримов ал адамдын катына буга чейин эле жооп бергендиктерин айтты. "Эгер токтом анын ар-намысына тийип, ыза кылган болсо, анда даттангыла", - деди судья.

Кийин юбка кийип нааразылык акциясына чыккан адам бул маселе боюнча арыз менен облустук жана Жогорку соттун төрагаларына кайрылганын билдирди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275604

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.