Иманалиева: Анжелика жылаңач сүрөткө түшүп жатканда жетелеп чыгарып кеткем

  15.07.17   11:39
 1930

12-июлда, социалдык түйүндөргө ырчы Анжелика Бекболиева менен көзү өтүп кеткен саясатчы, "Замандаш" партиясынын мурдагы лидери Мухтарбек Өмүракуновдун кучакташып түшкөн сүрөтү жарыяланган. Интернет колдонуучулардын арасында катуу талкуу жараткан сүрөттү жүктөгөн автор "Анжеликанын калпы чыкты. Эми кантип актанат болду экен" деген комментарий жазып калтырган.

Ал эми ырчы айым Анжелика, сүрөт анын устаты Айчүрөк Иманалиева тарабынан таратылгандыгын айтып, төмөндөгүдөй түшүндүрмө берген.

"Бул сүрөт Орусияга гастролдоп барган кезде тартылган. Анда мен 16-17 жашта болчумун. Концерт бүткөн соң Айчүрөк эже менен Мухтар байке экөө мени ээрчитип алып түнкү клубга барышып, бирок менин жашым 18ге жете элек болгондуктан клубга кирбей калышкан. Анан башка жактан эле тамактанып олтуруп, өздөрү вальс бийлеп, аларды мен сүрөткө тарткам. Андан соң Мухтар байке "кел, экөөбүз да бийлеп жаткандай түшөлү" дегенинен жөн гана сүрөткө түшүп койдум. Бизди сүрөткө Айчүрөк эже тарткан. Ал күнү түшкөн бир эле бул фото эмес, дагы бир канча сүрөттөр бар. Бул тууралуу жолдошум да билет. Себеби ал кезде Урмат Москвада иштечү, биз жаңыдан таанышып сүйлөшүп жаткан элек. Андыктан азыр ал мага дем-күч берип, "эжеңдин сөзүнө кирип урушуп кетмек белек"- деп, күлүп койду. Ал эми фотосессия тууралуу айтсам, анда эжени мен эмес, тескерисинче, ал мени чакырган. Ал кезде Айчүрөк эже менин продюсерим болгондуктан анын сөзүн эки кылбашым керек эле. Сүрөттү Динара Макешова аттуу фотограф тарткан. Ал мени тартып бүткөнгө чейин Айчүрөк эже эч жакка чыкпай эле, жанымда отурган. Тартуу иштери бүткөн соң фотосессия кымбат турарын жана ал мага Айчүрөк эже менен Мухтар байкенин атынан белек экенин айтышкан. Анан да ал сүрөттө мен жылаңач эмес, фотографтын сунушу менен үстүмө материал жаап, колума гитара кармап тургам. Анда моюнум эле көрүнбөсө, денем таптакыр көрүнбөйт. Эгер ал сүрөт коомго жарыяланса, мен эч уялбайм. Аны искусство катары кабыл алам. Учурда кайрымдуулук иштери боюнча чуркап жүргөндүктөн, эжеге теңелип айтышканга убакытым жок. Өткөндө эле радиолордун биринин концертинде ырдап жатсам, ноутбук турган жерге келип музыканы өчүрүп салды. Аны көргөндөр, улуу эле эженин мага теңелип жатканына таң калышты. Ушундан көрө жалпыга жардамы тийген иштер менен алектенсе болмок. Анын айткан сөздөрү мага эч кандай таасир эткен жок. Себеби менин жүрөгүм мээримге толгон, негативге орун жок", -деген пикирин билдирген ырчы.

Айчүрөк Иманалиева өзүнүн Instagram баракчасына шакиртинин жазгандарын төгүндөп чыкты.

"Тынч жашай албай калдынбы Анжелика??? Мындан бир жума мурун "Айчүрөк, Анжелика ырдап атканда музыканы өчүрүп салды"- деп жазып чыгышты. Карандай калп жазылса да унчукпадым, майда-чүйдөгө маани бербей эле коёюн дедим. Эми интернетти аралап жүргөн сүрөткө мени күнөөлүү кылыптырсың. Мен сенин сүрөттөрүңдү сактагыдай, жакшы көргөн адамым белең. Сенден көңүл калган күнү эле баарын өчүргөм. Сенин сүрөтүңдү көрмөк тургай, атынды эстегим келбейт! Сени мага кайраштырып, ашмалтайыңды чыгаргандарды айланаңдагы адамдардан изде. Жанында жүрүп, билдирбей сатып кетчү адамдар болоорун билбейт окшойсуң. "Байке кымбат фотосессия жасатып бергени жатат, чогуу барып, жардам бериңизчи" деп суранганыңда, макул болуп бир особнякка барбадык беле. Телефон менен сүйлөшүп, он мүнөт эшикке чыгып келсем, энеден туума жылаңач болуп, сүрөткө түшүп атыптырсың. Ошол жерден кийимдериңди үстүңө жаап, кыйкырып, ыйлаганга чейин баргам, "Менин өмүр бою таза иштеп, таза жашаган репутациямды бузба, бул эмне кылганыңар" деп фотографтарды урушкам. "Бул сүрөт коомчулукка чыгып кетсе, сотко берем" деп коркутканымды унуттуңбу?. Ал үйдөн сени колуңдан жетелеп чыгарып кеткем. Сага болгон оюм жаман болсо, сендей арам адам болсом, унчукпай четте карап тура бербейт белем. Чыгарбагыла дебегенимде, ал сүрөттөр ошондо эле элди аралап кетет болчу. Бул биздин биринчи урушубуз эмес, сен айткандай он жыл сактап жүргөн болсом, он-беш жыл мурда эле колдонбойт белем. Бөлөктүн тилин тургай көзүн тийгизгенден сени кызганып, калкалап турганымды сен билбесең да, Кудай билет!

Эми болсо интернеттеги сүрөттөрдү "Айчурөк эже тарткан" дейсиң. Депутаттыкка, президенттикке ат салышып жүргөн адам менин айтуум боюнча эле сүрөткө түшө берет экен да. Жалганды да окшоштуруп айтчы. Сүрөт тараткандан көрө иштесе болмок деп айткан экенсиң, айланайын, күлкүмдү келтирбечи! Сендей кезимде эл аралык конкурстарга чыккам. Мен жасаган эмгектин жүздөн бир пайызын да жасай элексиң. Бишкектен чыкпай туруп сен мага көрсөтмө бербе. Музыкамды өчүрүп салды, антип койду, минтип койду деп ырбата бербей, тынчып калчы. Айланаңдагы адамдардын, аксакалдарыңдын да тапкан акылы сени мага эрегиштирмей болуп атабы? Анда алардын айтканын угуп, ашмалтайыңды мындан ары да чыгара бер, мага баары бир! Мага тийишпей өз оокатыңды кылып тынч жашаганды үйрөнчү!",- деп жооп кайтарган ырчы.

Эскерте кетсек, көп жылдан бери созулуп келе жаткан устаты менен шакиртинин чырдашуусу быйыл май айында кайра ырбаган. Анжелика Айчүрөк Иманалиеванын "Махабат көлү" аттуу ырын уруксаты жок ырдап чыккан. Ошондон бери эки ырчынын чатагы Чубактын кунундай чубалып келет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275713

 Комментарийлер:
#1 Хан
2017-07-31 15:37:29 Цитата / 0 / -

Айчурок Анжелика дагы накта артист экенсинер бизди эл унутуп баратат деп атайн щоу уюштуруп калп эле урушумуш болуп атканын карасанар муну силердин эмне пайданар бизге урушусанар мага демектен бирин олуп бирин кал

#2 асел
2017-08-02 15:48:54 Цитата / 0 / -

эх эми эмне дейбиз урушуп талашпай эле журо берсенер болмок .

#3 Азамат
2017-08-06 15:24:10 Цитата / 0 / -

Айчурок мыкты ырчысын жагасын мага жашым 32 де

#4 бакыт султаналиев
2017-08-11 01:09:15 Цитата / 0 / -

Урушпай элэ элдин суймончулугундо журо бербейсинеби дейм да

#5 Нур
2017-08-12 05:57:58 Цитата / 0 / -

Анжелика сен устатына туура эмес мамиле кылып жатасын.Кезинде Айчурок эже аншлак менен концерт берчи.Сен ошол даражага жет.

#6 Гульнара
2017-08-20 23:26:05 Цитата / 0 / -

Аз кунчолук жашоодон ынтымак эле болушса жакшы болмок .

#7 мээри
2017-09-02 17:23:54 Цитата / 0 / -

Айчурок эже сиз суперсиз калганын эл да билет

#8 Айзирек.
2017-09-25 04:41:50 Цитата / 0 / -

Меенимче Анжелика туура кылат

#9 гулбарчын
2017-10-05 10:41:55 Цитата / 0 / -

Экоонун урушу менен биздин эмне тиешебиз бар

#10 Айлуна
2017-10-21 22:19:40 Цитата / 0 / -

Урушпай эле койсоңор болмок экөөңдө тең күнөө бар

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.