Кара сарык илдетине кабылган студент Зуура Алдабекова жардамга муктаж

Дарыгерлердин айтымында, кыздын боору алмаштырылышы мүмкүн
  21.07.17   13:49
 362

"Манас" университетинде окуган 19 жаштагы студент Зуура Алдабекова жардамга муктаж. Буул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди.

"Кыз кара сарык илдетине кабылган. Ага операция жасоо үчүн Түркия мамлекетине барышы керек. Операциянын чыгымын түрк тарап толук мойнуна алган. Бирок кыздын билет алганга жана Түркияда убактылуу жашаганга каражаты жок. Дарыгерлердин айтымында, кыздын боору алмаштырылышы мүмкүн. Зуура Алдабекованын апасы эгиз кыздарды жалгыз багат. Жолдошу менен ажырашып кеткен. Эне өзү дагы жакында эле инсульт болгон",- дейт Ассоль Молдокматова.

Комузчу кыз Зуура Алдабекованын тагдырына кайдыгер карабагандар болсо төмөнкү телефон номери аркылуу кайрылып, жардам берсеңиздер болот.

Мобилдик капчык ЭЛСОМ: 0 (708) 88-22-68.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275853

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.