Президент Алмазбек Атамбаевдин салттуу жайкы басма сөз жыйыны өткөрүлдү

  24.07.17   17:48
 87

Бүгүн, 24-июлда, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда салттуу жайкы басма сөз жыйынын өткөрдү.

"Суроо-жооп" форматында өткөрүлгөн иш чара үч сааттан узакка созулду. Басма сөз жыйынына 70тен ашуун журналисттер, саясатчылар жана алдыңкы медиа эксперттер катышышты.

Мамлекет башчысы басма сөз кызматкерлеринин 60 жакын суроолоруна жооп берди.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, президент Алмазбек Атамбаев алдыдагы президенттик шайлоолор тууралуу өз оюн айтып, анын жыйынтыгы кандай болсо дагы кабыл алаарын баса белгиледи.

"Добуштарды эсептөө таза жүргүзүлөөрүнө биз кепилдик беребиз. Ал эми айрымдар өз добушун сатаары – бул башка нерсе. Биз бул жагдайда эмне кыла алабыз? Биз эл арасында жоопкерчиликти толук ойгото алган жокпуз. Мен бийликти тынч өткөрүп берүүгө кепилдик берем. Өлкөбүз бүгүн өзгөрдү",- деди мамлекет башчысы.

Президент энергетикалык көзкарандысыздыкты жана жолдордун курулушун өлкөбүздө ишке ашырылып жаткан эң олуттуу долбоорлордун бири катары атады.

"Жолдор жана күчтүү энергетикасыз экономиканы өнүктүрүү мүмкүн эмес", -деди Алмазбек Атамбаев. Президент өз жолун тапкан өлкөнүн келечеги үчүн санаасы тынч экендигин баса белгиледи.

Басма сөз жыйынынын жүрүшүндө президент ошондой эле өлкөдөгү диний кырдаал, радикализмге каршы күрөшүү, эл аралык мамилелер, Алтай цивилизациясы тууралуу идеяларды мындан ары жылдыруу боюнча айтып, келечек пландары тууралуу ой бөлүштү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275906

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.