Атамбаев акын, жазуучу жана чыгыш таануучу Бронтой Бедюровду кабыл алды

  26.07.17   11:01
 98

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда жакында эле өз ишин жыйынтыктаган "Алтай цивилизациясы жана алтай тектүү элдер" эл аралык форумуна катышуу үчүн келген акын, чыгыш таануучу, Алтай Республикасынын эл жазуучусу Бронтой Бедюровду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тили, маданияты жана тарыхы окшоштугун эске алуу менен, кыргыздар менен Алтай элдеринин ортосунда маданий-гуманитардык тармактагы байланыштарды мындан ары активдештирүүнүн мааниси белгиленди.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Алтайдын эл жазуучусу Бронтой Бедюров Алтай цивилизациясы идеясы тууралуу пикир алмашып, аны биргелешип алга жылдыруу боюнча пландарды белгилешти, алтай тектүү элдердин тилдеринин өз ара байышынын маанисин баса белгилешти.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275954

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.