Маевка айылындагы айланма жолдон 3 унаа кагылышты

  01.08.17   12:40
 60

31-июлда Маевка айылында 3 автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

"Мерседес" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында "Хонда Фит" жана "Дэу Нексия" үлгүсүндөгү унаалар менен сүзүшкөн. Жол кырсыгынан "Мерседес" унаасынын айдоочусу жана анын жүргүнчүсү жабыркап, №4-шаардык ооруканага жаткырылган.

"Учурда күнөөлү айдоочунун унаасы айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, экспертизалык иликтөө иштери жүрүп жатат",- дей Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматы.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276077

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.