"Ата-Бейит" комплексинде үркүндө курман болгондор эскерилип, куран окулду

2016-жылдын 2-сентябрында, "Ата-Бейит" комплексинде 1916-жылдагы "Үркүндүн" 100 жылдыгына карата, курман болгондордун эстелик Мемориалы ачылган
  03.08.17   14:37
 85

Бүгүн, 3-августта, премьер-министри Сооронбай Жээнбеков "Ата-Бейит" Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы үркүндө курман болгондорду эскерүү иш чарасына катышты.

"Ата-Бейит" Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы "Үркүндө" курман болгондорду эскерип, алардын эстелигине гүл коюу жөрөлгөсүнө премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, президенттин аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов, мамлекеттик органдардын жетекчилери, чыгармачыл жана илимий интелегенциянын өкүлдөрү катышты.

1916-жылдын курмандыктарына багышталып куран окулду.

Эскерте кетсек 2016-жылдын 2-сентябрында, "Ата-Бейит" Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы "Үркүндүн" 100 жылдыгына карата, курман болгондордун эстелик Мемориалы ачылган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-апрелиндеги "1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук көтөрүлүштүн курмандыктарын эскерүү күнү деп белгилөө жөнүндө" токтомуна ылайык, август айынын биринчи жума күнү 1916-жылы улуттук көтөрүлүштүн курмандыктарын эскерүү күнү катары белгиленет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276143

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.