Кыргызстандык ажылардын алгачкы каттамы Медина шаарына учуп кетти

Ал эми Азирети Муфтий ажылык милдеттерин өтөө үчүн жөнөп жаткандарды мамлекет, эл-журт үчүн ыйык жерден дуба кылууга чакырды
  07.08.17   14:28
 86

Бүгүн, 7-августта "Манас" Эл аралык аэропортунан Кыргызстандык ажылар ажылык милдеттерин өтөө үчүн Медина шаарына учуп кетишти. Бишкек шаарынан жөнөп жаткан ажыларды Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Азирети Муфтийдин орун басарлары Жоробай ажы Шергазыев, Замир каары Ракиев, КМДБнын ажылык бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев, САПтын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман Бин Саид Аль-Жума мырзалар узатышып, алар үчүн жакшы тилектерин айтышты.

Ал эми Азирети Муфтий ажылык милдеттерин өтөө үчүн жөнөп жаткандарга Сауд Арабия Падышачылыгынын мыйзамдарын сактап, ажы башчылардын көрсөтмөлөрү менен жүрүүгө чакырып, аман-эсен барып келүүлөрүнө тилектеш экендигин билдирип, мамлекет, эл-журт үчүн ыйык жерден дуба кылууга чакырды.

Эскерте кетсек, быйылкы жылы жалпысынан 15 каттам болуп, алардын ичинен 3 каттам Бишкек шаарынан болсо, калган 12 каттам Ош шаарынан

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276208

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.