Осмоналиев: Өкмөт апрель революциясынын катышуучуларынын эмгегин жогору баалайт

  08.08.17   08:32
 84

"Кыргыз Республикасынын өкмөтү эл алдында апрель революциясынын катышуучуларынын эмгегин жогору баалайт.Биз өлкөнүн келечеги үчүн өз жанын берген мекендештерибиздин үмүтү толук түрдө акталарына ишенебиз". Мындай пикирин өкмөттүн аппаратынын жетекчиси-министр Акылбек Осмоналиев 7-августта, 2010-жылдын апрель окуясында каза болгондордун жакындары жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди.

Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси-министр Акылбек Осмоналиев премьер-министрдин жана өкмөттүн атынан 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын катышуучуларына эл алдындагы эмгеги үчүн өкмөттүк сыйлыктарды тапшырып, баарына тынчтык жана ийгилик каалады.

Жыйынтыгында Акылбек Осмоналиев "Мекен шейиттери", "Айкөл Ала-Тоо", "Апрель Баатырлары" жана "Апрель байрагы" коомдук бирикмелеринин өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ардак грамотасы, ысымы жазылган сааттар менен сыйлап, премьер-министрдин атынан бир катар активисттерге ыраазычылык жарыялады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276227

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.