"Элес" тобунун музыканты операцияга муктаж, жакындары жардам сурап кайрылышат

Анын досторунун бири Алла Дооталиеванын айтымында, музыкант боор карциномасы илдетине кабылган
  08.08.17   09:46
 184

"Элес" тобунун музыканты Айдин Жумалиев операцияга муктаж. Операция чет мамлекетте жасалып жана кымбат тургандыктан жакындары коомчулуктан жардам сурап кайтылышат.

Анын досторунун бири Алла Дооталиеванын айтымында, музыкант боор карциномасы илдетине кабылган.

"Текшерүүдөн өткөн учурда жергиликтүү дарыгерлер ар кандай пикирлерди айтышты. Операция жасаса боло тургандыгын, бирок эч ким кепилдик бере албастыгын билдиришкен. Белгилүү дарыгерлердин бири операция жасоодон баш тартты. Айдиндин келинчеги учурда Түркияда хореограф болуп иштейт. Ал бизден жолдошуна дарылануу үчүн Түркияга келүүсүнө жардам берүүнү суранды. Билетти сатып алдык. Эми текшерүүдөн өтүп, ооруканага жатып дарылануусуна дагы 5000 доллар керек. Эгер операция боло турган болсо, ага дагы каражат чогултуубуз зарыл деп эсептейм. Мен мекендештерибиздин, досторубуздун жардамына ишенем",- деп жазган ал Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасына.

Айдин Жумалиевге жардам берүүнү каалагандар "Элсом" капчыгы аркылуу Айдин Джумалиев: 0550 23 40 30 номери аркылуу каражат которсо болот.

"Демир банктагы" эсеп:

БИК 118003

1180000096564417 (доллар)

1180000096564620 (рубль)

1180000096564619 (евро)

1180000096564316 (сом)

Андан тышкары "Дизель" каражат чогултуу жайлары ачылган:

  1. пр. Манас, 9 (кофейня Сoffee Москва жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн ортосунда) - 0555 58 76 44 (түз) Зуля (Paramaribo)
  2. Т.Молдо көчөсү – Спорт ордосу (кофейня Сoffee) - 0555 58 76 44 (түз) Зуля (Paramaribo)
  3. ЦУМдун району, Шопоков-Токтогул (кофейня Сoffee) - 0555 58 76 44 (түз) Зуля (Paramaribo)

Кофейня күн сайын саат 9:00дөн 24:00гө чейин иштейт. Бардык кызматкерлердин маалыматы бар.

  1. "Вечерний Бишкек" гезитинин редакциясы Үсөнбаев көчөсү, 2 (дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин 8.00дөн 17.00гө чейин) кечкисин Жал кичи районунда - 0-555-923-565 Надежда (sanje);
  2. "Дордой" базары "Европа", 1-өтмөк, 151-контейнер, 0551332882 Наташа ( nataska.visitor);
  3. "Керамин" дүкөнү, касса Ахунбаев көчөсү, Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилиши - 08.30-18.00, 0-555-00-35-02 Галина (Malen);
  4. "Дордой-Плаза" соода борбору 1-кабат, бутик B-1, тел 69-61-73, Зарема.
  5. "Аромагия" дүкөнү (кирүү Чүй-Гоголь), Валентина жана Ольга Хе.
  6. Бардык точкаларда "Дизель" дептери бар. Ал жерге кимге, канча сумма жана кимден экендиги тууралуу маалыматтарды жазып калтырса болот.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276230

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.