Бишкек-Москва каттамында иштеген кичи автобус жол кырсыгына кабылды

  09.08.17   14:36
 159

Бишкектен Москвага бет алган кичи автобус жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгынан 17 адам жабыркаган. Алардын экөө айдоочу, калгандары жүргүнчүлөр. 5 жүргүнчү Оренбургдагы ооруканага жеткирилип, эки жүргүнчүгө жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн. Автобус Оренбург жолунун 18-чакырымынан "Шевроле Ланос" унаасы менен сүзүшкөн. "Шевроле Ланос" унаасын башкарып келе жаткан айдоочу аял жана анын курбу кызы кырсык катталган жерде каза болгон. Унаа жолдун каршылаш тилкесине чыга калгандыктан кичи автобус менен сүзүшкөн. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276268

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.