"Тазалык" ишканасы айкелдерди жууп тазалоодо

  10.08.17   10:32
 52

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардын парктарында, сейил бактарында гүл бакчаларында жайгашкан 50гө жакын эстеликти жууп тазалады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле Эгемендик күнүнүн алдында бардык архитектуралык айкелдерди дагы бир жолу жууп тазалоо пландалууда.

Бүгүнкү күндө Үркүн, Дайыр Асанов атындагы, Ленинград блокадачыларынын монументтери, Юдахин, Ш.Баатыр, Калык Акиевдин айкелдери, Манасчылардын, Бегельдиновдун бюсту жуулду. Жууп тазалоо иштерине бир суу чачуучу унаа, бир автомунара жана ишкананын алты кызматкери тартылды.

Мындан тышкары, ишкананын кызматкерлери эстеликтердеги ар кандай боёктор, сырлар менен жазылган жазууларды өчүрүүдө.

"Урматтуу шаар тургундары жана коноктору! Биз сиздерди муниципалдык мүлккө жана эстеликтерге аяр мамиле кылууга чакырабыз",- дейт ишкана кызматкерлери.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276288

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.