Текебаевдин соту боюнча тараптар жарыш сөзгө өтүштү

  10.08.17   15:01
 107

Бүгүн, 10-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "Ата Мекен"фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурумда тараптар жарыш сөзгө өтүштү.

Текебаевдин адвокаттары Канатбек Хасанов жана Искен Афиджанов отурумга келген жок. Үчүнчү жактоочусу Чинара Жакупбекова, отурумду жылдырып, жарыш сөзгө даярданууга убакыт берүүнү суранды.

"Биз кечээ дагы сиздин өтүнүчүңүз менен отурумду жылдырганбыз. Сиздердин өтүнүч ар дайым канааттандырылып келди. Бирок бүгүн отурумду улантабыз",- деди судья Айбек Эрнис уулу.

Соттун чечими менен Текебаевдин кызыкчылыгын сотто мамлекеттик жактоочу Элмира Чоноева коргойт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276301

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.