Төлөгөновдун ишин кароо кийинкиге жылдырылды

  10.08.17   16:12
 41

Бүгүн, 10- августта, Биринчи май райондук соту экс-депутат Райкан Төлөгөновдун ишин кароону 16-августка жылдырды.

Эскерте кетсек, ал 2010-жылдын 7-апрелинде мародерлукка барган деп айыпталууда.

Отурумдун башында айыпталуучу отурумду кийинкиге жылдырууну өтүндү. Аны ден-соолугунун начарлыгы менен байланыштырды. Айтымында, ага көп отурууга болбойт.

"Кандай гана учур болбосун инсульт болуп калышым ыктымал. Себеби 75 пайыз кан мээге агып келбейт. Андыктан мага тынчтык керек. Учурда мага бир нерсе болсо, алгачкы жардам көрсөтүү үчүн эч кандай дары-дармеги жок фельдшер коштоп жүрөт",- деди ал.

Бирок мамлекеттик айыптоочу, аймактардан келген күбөлөр күтө албастыгын айтып, отурумду улантууну суранды.

Судья Марат Сыдыков өтүнүчтү кабыл алуу менен отурумду башка күнгө жылдырды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276304

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.