Прокурор Текебаевди 10 жылга эркинен ажыратууну суранууда

  10.08.17   16:17
 83

Бүгүн, 10-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "Ата Мекен"фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды.

Отурумдун жүрүшүндө, мамлекеттик айыптоочу Төкөбаевдин мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратууну суранды. Ал эми Чотоновдун дагы мүлкүн мамлекетке өткөрүү менен 8 жылга кесүүнү өтүндү.

Андан тышкары аларга 3 жылга чейин мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салууну суранды.

Учурда тараптардын жарыш сөзү уланууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276305

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.