БШК Жапаровду талапкер катары каттоодон баш тартты

  10.08.17   16:28
 46

БШК мурдагы депутат Садыр Жапаровду талапкер катары каттоодон баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

БШК бүгүн, 10-августта өткөн жыйында Садыр Жапаровду президенттикке талапкер катары каттоо маселесин карады. Буга байланыштуу комиссия мүчөлөрү ар кандай пикирлерин билдиришти. Жыйынтыгында Жапаров 2013-жылы козголгон кылмыш иши боюнча соттолгондугуна байланыштуу, шайлоого талапкер катары катышуусуна тыюу салынды.

Эскерте кетсек, 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында ошол кездеги өкүлү Эмилбек Каптагаевдин барымтага алынуусу боюнча сот Жапаровду күнөөлүү деп тапкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276306

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.