Чүйдүн тургун 8 кг баңгизаты менен кармалды

  10.08.17   16:33
 41

Чүйдүн тургун 8 кг баңгизаты менен кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери иликтөө ишин жүргүзүү маалында 8-август күнү Аламүдүн районунун 56 жаштагы Л.Э. аттуу жашоочусу кармалып, текшерүү учурунда короосунан 81 түп баңги өсүмдүгү жана баштыкка оролгон жашыл түстөгү кургатылган баңгизаты табылган.

Алынган баңгизатка экспертизалар дайындалып, жалпы салмагы 8 кг ашык марихуана экендиги аныкталган.

Жогорудагы фактыга ылайык Аламүдүн РИИБнын тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин (башкага берүү максатын көздөбөстөн же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276307

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.