Бишкектин тургуну өз ыктыяры менен милицияга кура-жарак тапшырды

  10.08.17   16:35
 54

Бишкектин тургуну өз ыктыяры менен милицияга кура-жарак тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

8-август күнү Бишкек шаарынын 21 жаштагы О.Э. аттуу жашоочусу таштандыдан ок атуучу куралды таап алгандыгы жөнүндө милиция бөлүмүнө кабарлаган. Алынган ок атуучу курал экспертизага жөнөтүлүп, иликтөө иши жүрүүдө.

Бишкек шаардык ИИБ эскертет: Эгерде жаран ок атуучу куралдын ээси болбосо, сактаганга жана колдонгонго уруксат берилбейт. Тез арада куралды укук коргоо органдарына тапшыруу керек. Тапшырбоо учурунда жаран административдик же кылмыш жоопкерчилигине кириптер болот.Ал эми катталбаган курал-жарактарды, окторду, жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш ишине тиешеси жок болсо, анда кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276308

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.