Баткен облусунан ажылыкка баруучулар Ош Эл аралык аэропортуна жөнөп кетишти

  10.08.17   17:16
 46

Баткен облусунан ажылык сапарына баруучулар бүгүн 10-августта Баткен шаарындагы "Нуьмани" борбордук мечитинен Ош шаарына жөнөп кетишти. Алар 11-августта түнкү саат 01:30 да "Ош" эл аралык аба майданынан Медина шаарына учуп кетишмекчи. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусунан ажыга баруучулардын алгачкы тобун узатуу саамалыгына Баткен облусунун казысы Муса ажы Жолдошов, КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн өкүлү Хамрабаев Салижан, Баткен райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Эгемберди Абылов, Баткен облусунун казысынын орун басары Нурдин ажы Мамасабиров ажы башчылар катышты. Болочок ажылар менен болгон жолугушууда облус жетекчилери мамлекетибиздин, эл, жер жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн дуба тилектерди кылып, аман-эсен кайтып келүүлөрүнө тилектеш экендигин билдиришти.

Ал эми облус казысы ажылык иштери бир топ алдыга жылып, жылдан-жылга ажылык иши жакшыруу менен ажылар үчүн жакшы шарттар түзүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Баткен облустук мусулмандар казыятынын ажылык иштерине жоопту адиси Абдисаттар Жакыповдун айтымында Баткен облусунан жалпы 443 адам ажылык сапырна аттанышат. Ал эми аларды атайын сынактан өткөн 9 ажы башчы коштоп бармакчы.

Эскерте кетсек, быйыл ажыга аттанган Кыргызстандыктарды Сауд Аравиясынын жарандык Flynas авиакомпаниясы ташып жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276310

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.