УКМК Мавлян Аскарбековго карата кылмыш ишин козгоду

  10.08.17   17:43
 63

УКМК Мавлян Аскарбековго карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 20-июлунда УКМКнын Тергөө башкармалыгы соттук экспертизанын негизинде Аскарбековдун коомчулук алдында айткан сөздөрү боюнча кылмыш иши козголгон. Ал кылмыш жана кодексинин 297-беренесинин 1-бөлүмүнүн (коомчулукту күч колдонуп бийликти басып алууга чакыруу жана укуктук түзүлүштү зомбулук менен өзгөртүү) негизинде айыпталууда.

Бүгүн, 10-августта М.Аскарбеков сурак берүү үчүн УКМКга чакыртылган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276311

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.