Оштун тургуну 6 кг ашык баңгизат менен кармалды

  11.08.17   08:54
 52

Оштун тургуну 6 кг ашык баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ош облусунун жана Ош шаарынын милиция кызматкерлери 10-августка караган түнү болжол менен саат 00:35 чамасында Ош облусунун 49 жаштагы М.Б. аттуу тургуну башкарып келе жаткан "Дэу-Матис" үлгүсүндөгү автоунаасын токтотушкан.

Автоунааны текшерүү учурунда ичинен баштыкка оролгон кочкул-жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар 7 таңгак табылган. Экспертизанын жыйынтыгы менен жалпы салмагы 6 килограммдан ашык гашиш экендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесине (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына камалган.

Азыркы убакта жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандардын өздүгүн тактоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276316

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.