Ошто ажылыкка жөнөп жаткан 557 зыяратчыга ажылык боюнча сабак өтүлдү

  11.08.17   08:58
 64

Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев борбордук Сулайман Тоо мечитинде 2017-жылы ажылык сапарына Ош шаарынан жөнөп жаткан 557 ажыга ажылык милдетин аткаруудагы шарияттык эрежелер жана жол жоболор боюнча сабак өттү. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Шаар казысы ажылык мусулмандын мойнундагы парз ибадаттардын бири экенин айтып, ажылык амалдарын аткарып такыбалык, ынтымак, биримдик менен аткаруу зарыл деген пикирин билдирди.

Мындан сырткары ажылардын ажыга барып келгенге чейинки аткарылуучу шарият амалдарын кеңири баяндап, ажылык учурунда сабырдуу болууга чакырды. Ошондой эле аэропортто учакка, автобуска чыгып-түшүүдө адептүүлүктү сактап, ажы башчыларга моюн сунуп, Кыргызстандын жүзүн көргөзүп келүүгө үндөдү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276317

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.