Текебаевди колдоо үчүн соттук отурумга 4 депутат келди

  11.08.17   10:19
 52

Бүгүн, 11-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "Ата Мекен"фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланууда.

Судья Текебаевге кайрадан акыркы сөз берди.

Эскерте кетсек, кечээ, 10- августта Текебаев өзүн жаман сезгендигине байланыштуу отурум бүгүнкүгө жылдырылган.

Бүгүнкү отурумга саясатчыны колдоо үчүн фракциялаш депутаттар Аида Салянова, Наталья Никитенко жана Алмамбет Шыкмаматов келген. Андан тышкары эл өкүлү Жанар Акаев дагы отурумга катышууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276320

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.