Бишкек мэриясы шаар тургундарын муниципалдык мүлккө аяр мамиле кылууга чакырат

  11.08.17   10:24
 49

Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана конокторун муниципалдык мүлккө аяр мамиле кылууга чакырат.

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, жай мезгилинде шаар боюнча жаӊы орнотулган таштанды челектеринин 71 дөңгөлөгү уурдалган. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бардык калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын муниципалдык мүлккө аяр мамиле кылууга жана коомдук жерлерде маданиятты сактоого, вандализм же болбосо уурдоо фактылары катталган учурда укук коргоо органдарына билдирип коюууга чакырат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276321

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.