Бишкекте бир нече көчөнү оңдоо иши аяктады

  11.08.17   10:44
 58

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, капиталдык ондоодон кийин Жаманбаев көчөсүнүн Манас проспектинен Шота Руставели көчөсүнө чейинки бөлүгү жана Безымянный көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн №74 мектепке чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.

Жаманбаев көчөсүнүн оӊдолгон бөлүгүнүн узундугу 400 метр, туурасы 8 метрди түзөт. Ошондой эле унаа токтотуу жайы уюштурулуп, туурасы 2 метрден эки тарабына теӊ тротуар орнотулду. Безымянный көчөсүнүн оӊдолгон бөлүгүнүн узундугу 480 метр, туурасы 7 метрди түзөт. Ошондой эле эки тарабына теӊ тротуарлар орнотулду.

Мындан тышкары жол белгилерин түшүрүү жана орнотуу, ирригация орнотуу иштери жүргүзүлдү.

2017-жылы жалпысынан "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан 51 шаардын көчөсүн оӊдоо пландалган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276322

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.