Бишкек-Ош унаа жолуна 6 тоннага жакын солярка төгүлдү

  11.08.17   11:32
 50

Бишкек-Ош унаа жолуна солярка ташып бара жаткан унаа кулап, 6 тоннага жакын солярка төгүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

10-август күнү саат 08:30 чамасында Чүй облусунун Жайыл районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 94-чакырымында "ДАВ" үлгүсүнүн май ташуучу автоунаанын айдоочусу Л.А.Б рулду башкара албай калып, автоунаа оң капталына кулаган. Натыйжада болжол менен 5-6 тонна солярка төгүлгөн.

Өрт өчүрүүчүлөр солярканын нугун жолдун четине бурушуп, көзөмөлгө алышкан.

Кырсыктан жабыр тарткандар болгон эмес.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276323

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.