Меккеге келген Кыргызстандык ажыларды өзгөчө маанайда тосуп алышты

  11.08.17   12:39
 49

Мединадан Мекке шаарына келишкен Кыргызстандык ажыларды Даур Кудей районундагы Якупбек мейманканасынан Маварау Нахр бирикмесинин башчысы доктор Абдулатив баштаган мекеме кызматкерлери зам- ам суу, курмалар жана таттуу шириндиктер менен тосуп алышты. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми Маварау Нахр бирикмесинин башчысы доктор Абдулативдин айтымында, ар жылы келген ажыларга кызмат көрсөтүү жылдан жылга жакшырып, мейманканаларда бардык шарттар каралган.

"Ажыларыбыз абдан жакшы маанайда келишкендигин жашырышкан жок чындыгында. Өздөрү ыраазычылыктарын айтып атышып, ажылык сапарынын уюшкандыктарында абдан чоң өзгөрүүлөр болгондугуна күбө болушкандыгын жашырышкан жок. Ал эми Маварау Нахр бирикмесинин өкүлдөрү мекендештерибизди өзгөчө маанайда тосуп алышып, Кыргызстандык зыяратчыларга кубаныч тартуулады десек болот",-дешти Мекке шаарындагы Муфтияттын ажылыкты уюштуруу штабынын мүчөлөрү.

Ал эми ажылыкты уюштуруу боюнча штаб мүчөлөрү Абибилла ажы Кадырбердиев, Равшан ажы Эратов, Эсенали ажы Убайдуллаев, Олжобай ажы Алимбеков Кыргызстандык ажыларды тосуп алышып, Якупбек мейманканасынан берилген бөлмөлөргө жайгаштырышты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276325

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.