Баткен облусунан ажылыкка аттангандар Медина шаарына учуп кетишти

  11.08.17   12:42
 36

Баткен облусунан ажылыкка аттангандар Медина шаарына учуп кетишти. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусундагы зыяратчыларды Ош Эл аралык аба майданынан узатууга Баткен облусунун мусулмандар казысы Муса ажы Жолдошов жана Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев келишип, өздөрүнүн накыл кептерин, ажылыктын шарттарын, коопсуздук эрежелерин айтышып, Сауд Араб Падышачылыгынын мыйзамдарын так сактоого чакырышты.

Баткен облусунан Медина шаарына жөнөп жаткан болочок ажыларга облус казысы Муса ажы Жолдошов батасын берип, аман-эсен барып келүүлөрүнө тилектеш экендигин айтып, мамлекетибиз үчүн ыйык жерден дуба кылууга үндөдү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276326

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.