Ош-Медина багыты боюнча учкан ажылардын экинчи тобу Мединага жетишти

  11.08.17   13:49
 57

Ош шаарынан учуп кеткен Баткен облусунун ажылары Медина шаарына ийгиликтүү жетишип, мейманканаларга жайгашууда. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Ош-Медина багыты боюнча учкан 300 ажыны Закиров Ысмайыл, Канатбек Кадыркулов, Курсанбой Носиров, Мирланбек Орозалиев, Бакир Ырысбаев, Элчибек Ысманов аттуу ажы башчылар коштоп кетишкен.

Эскерте кетсек, быйылкы жылы Кыргызстандык ажылар Медина шаарындагы 5 жылдыздуу "Grand Mercure" мейманканасына жайгашууда. Мейманкана Пайгамбарыбыздын (с.а.в) мечитинен 20 метр алыстыкта орун алган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276328

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.