Дональд Трамп: "Түндүк Корея чоң ыңгайсыздыктарга туш болушу мүмкүн"

Түндүк Кореядан соккулар Вашингтон үчүн "эскертүү" болорун билдиришкен
  11.08.17   13:53
 59

АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Корея маселесинде дайыма сүйлөшүү жолун жактайт. Бул тууралуу ал өзү 10-августта журналисттерге билдирди.

Ошол эле маалда Трамп эгер Түндүк Корея азыркыдай аракеттерин уланта берсе, өлкө өтө чоң ыңгайсыздыктарга туш болушу мүмкүндүгүн айтты.

8-августта Washington Post гезити Түндүк Кореянын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жазып чыккандан кийин АКШ президенти Вашингтондун жообу "от жана каар" болорун эскерткен.

Пхеньян Трамптын билдирүүсүнө жооп кылып Кошмо Штаттарга караштуу Гуам аралына ракеталык сокку уруу планы бар экенин жарыялаган. Түндүк Кореядан соккулар Вашингтон үчүн "эскертүү" болорун билдиришкен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276330

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.