Трамп АКШ дипломаттарын кыскарткандыгы үчүн Путинге ыраазычылык билдирди

Ал буга чейин штабынын мурдагы башчысынын үйүндө ФБРдин тинтүү жүргүзгөнүнө таң калуусун билдирген
  11.08.17   14:06
 91

АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттардын Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндөгү кызматкерлердин санын кыскартуу чечими үчүн орус президенти Владимир Путинге ыраазычылык билдирди. Трамптын айтымында, кызматкерлердин кыскартуу менен Путин чыгымдарды кескин кыскартууга шарт түзүүдө.

Бул Кремлдин АКШга контрсанкцияларды киргизүү чечими боюнча Трамптын алгачкы билдирүүсү болду.

АКШ президенти мындай пикирин былтыркы шайлоо өнөктүгү маалында Орусия менен Трамптын штабынын ыктымал байланыштары иликтенип жаткан маалда айтты. Ал буга чейин штабынын мурдагы башчысынын үйүндө ФБРдин тинтүү жүргүзгөнүнө таң калуусун билдирген.

Президент менен маектешкен журналисттер Путиндин дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөгү кызматкерлерди кыскартуу чечими мамлекеттик каражатты үнөмдөөгө жардам берери боюнча Трамптын тамашалаганы же чынын айтканы түшүнүксүз болуп калганын айтышты.

"Мен ага ыраазычылык билдиргим келет, анткени азыр биз кызматкерлер үчүн кеткен чыгымдарды азайтууга аракет кылып жатабыз. Алар кайрадан барышпайт. Биз көп акча үнөмдөйбүз", - деди Трамп.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276333

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.