Бишкектин тургуну уурулук фактысы боюнча кармалды

  11.08.17   15:09
 46

Бишкектин тургуну уурулук фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

10- август күнү шаар тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылып, шаардык интернет клубдардын биринен белгисиз жаран 14 000 сомдук "Самсунг А-3" үлгүсүндөгү телефонун уурдап кеткендигин кабарлаган.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам иш -аракеттеринин натыйжасында шектүү катары 21 жаштагы Б.Х. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалган. Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 164-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына камалып, тергөө иштери уланууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276334

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.