Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүү улантылууда

  11.08.17   16:08
 42

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, Фрунзе көчөсү №6 а дарегиндеги 40 чарчы метр, Фрунзе, 11 дарегиндеги аянты 52 чарчы метр, Куликовский көчөсү 13 дарегиндеги аянты 25 чарчы метр дубал түрттүрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Капиталдык курулуш мыйзамсыз курулуп, тиешелүү уруксат документтерисиз муниципалдык жердин эсебине курулган.

Мурда аталган дубалдардын ээлерине "Аныкталган бузууларды четтеттүү" эскертүүсү берилген. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын эскертүүсү аткарылып, жер тилкеси баштапкы абалга келтирилди.

Аталган иштер шаардын аймагына мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө, ошондой эле Бишкек шаарынын жолдорун реконструкциялоо жана калыбына келтирүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276337

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.