Эмилбек Каптагаев соттон Садыр Жапаровду актоону суранууда

  11.08.17   16:29
 69

Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча мурдагы өкүлү Эмилбек Каптагаев соттон экс-депутат Садыр Жапаровду актоону суранууда. Бул тууралуу ал Бишкек шаардык сотунун коллегиясына жазган кайрылуусунда билдирген.

Анын айтымында, Садыр Жапаров Биринчи май райондук сотунун 2-августтагы чечимине ылайык, бийлик өкүлүн барымтага алуу беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган жана сот аны 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Бирок Каптагаев, аталган берене боюнча далилдер жок экендигин, андыктан 2-августтагы чечимди жокко чыгарып Жапаровду актоону суранат.

"Албетте мен Садыр Жапаровдун саясаттагы атаандашымын. Азыр дагы аны танбайм. Мага карата жасалган кылмыш ишине күнөөлүүлөрдүн жаза алуусун каалайм. Бирок бул иште Жапаровдун күнөөсү боюнча далил жок",- деди ал.

Эскерте кетсек, 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында ошол кездеги өкүлү Эмилбек Каптагаевдин барымтага алынуусу боюнча сот Жапаровду күнөөлүү деп тапкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276339

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.