Бир жумада Бишкек мэриясына 900 арыз жана кайрылуу келип түшкөн

  11.08.17   17:00
 37

4-августтан 10-августка чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Колл-борборуна шаар тургундарынан 900 арыз жана кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын катталганы 180 кайрылуу. Катталган арыз жана кайрылуулардын ичинен 94 кайрылуу аткарылган.

"Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясынын Ыкчам чараларды көрүү "185" кызматынын иши жогорулатылды. Эми сиз "185" жана "1840" номерлери боюнча күнү-түнү чалууларды жүргүзө аласыз жана көйгөйлөрдү сүрөттөрү менен 0554 -182-185 номерине жибере аласыз",- дейт мэриянын басма сөз кызматы.

Шаардык муниципалитет шаар тургундарын катталган бузууларды так даректерин көрсөтүү менен WhatsApp колдонмосу аркылуу төмөнкү номерлерге арыздарды калтырууга чакырат:

Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) - 0557 997 927;

Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) - 0554 955 509;

Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) - 0558 336 640;

Матмусаев Марат Маманович (Свердлов району) - 0555 447 154.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276340

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.