"Адептүүлүк аскер кызматкерлеринин жүзү" аталышындагы жыйын өттү

  11.08.17   17:34
 37

"Ыйман, адеп жана маданият" жылына карата Ошто "Адептүүлүк аскер кызматкерлеринин жүзү" аталышындагы жыйын өттү. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев адептүүлүктүн башаты ата – энени урматтоодон башталаарын айтып, ар бир перзент ата-эненин урматын ордуна кое алган учурда гана элин, жерин, мекенин коргой ала тургандыгын билдирди. Мындан сырткары шаар казысы мекенге кызмат кылуу сооптуу иштерден экенин айтып, жоокерлерди кызмат өтөөнү жоопкерчилик менен аткарууга чакырды. Акырында №2024- чек ара аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн аскерлер тарабынан берилген суроолорго Ош шаарынын казысы жооп берди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276343

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.