Мал уурулук менен алектенген топ кармалды

  11.08.17   17:59
 55

Мал уурулук менен алектенген топ кармалды. Бул тууралуу ИИмдин басма сөз кызматы билдирди.

2-июль күнү Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнө 42 жаштагы А.Ж. аттуу жергиликтүү тургун кайрылып, 15-июндан 16-июнга караган түнү сарайдан 3 баш уй уурдалганын билдирген.

Жогорудагы факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ош облустук ИИБнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чарасынын натыйжасында Ноокат районунан мал уурулук менен алектенген 32 жаштагы М.Д., 30 жаштагы А.А., 25 жаштагы З.Б., 23 жаштагы Ж.З., 22 жаштагы О.А. жана 18 жаштагы У.Ф. аттуу Ош облусунун тургундары кармалган.

Тергөө учурунда кармалган жарандар башка мал уурдоо боюнча 8 кылмыш ишине тиешеси бар экендиги аныкталган. Азыркы убакта жогорудагы кылмыш ишине шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары уланууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276344

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.