Мээнин иштешин жакшыртуучу азыктар

  12.08.17   17:29
 252

Адамдын мээсинин жакшы иштеши анын ден-соолугунан, иш жөндөмдүүлүгүнөн көз каранды. Мээ-бул адамга төрөлгөндө кошо берилген компьютер. Ал организмде болуп жаткан миңдеген биологиялык процесстерди көзөмөлдөп, бир эле учурда жүздөгөн тапшырмаларды аткарат. Мээнин жакшы иштеши үчүн адам баласынын туура тамактануусу абдан маанилүү.

Тамактануунун жалпы принциби:

Суу. Адамдын организминин 60 пайызы суудан турат деп бекеринен айтылган эмес. Ал эми мээдеги суунун көлөмү андан дагы көп 85 пайыз. Андыктан мээдеги суу нормалдуу болуусу үчүн күнүнө 6-8 стакан таза суу ичип туруу керек. Шорпо, чай, газдалган суусундуктар мээни суу менен камсыз кыла албайт.

Белок. Белок- бул клеткалар үчүн курулуш материал болуп саналат. Ошол эле учурда мээнин клеткалары үчүн (нейрондор). Андыктан адамдын организминде белок жетиштүү болуусу зарыл.

Майлар. Баш мээнин айрым клеткалары майлуу тканга ээ. Алардын нормалдуу иштеши үчүн май сөзсүз керек. Бирок канда холестерин жаратпай тургандай туура май тандап жеш керек.

Антиоксиданттар. Антиоксиданттар- бул адамдын организминин картайуусун жайлатат.

Витаминдер. Мээнин жакшы иштөөсү үчүн В витамини абдан керектүү. Алар ар кандай органдардан жана ткандардан мээ клеткаларына келген сигналдардын агымын жакшыртат.

Мээнин иштешине зыянын тийгизген заттар:

Алкоголь. Алкоголдук ичимдиктер мээнин тамырларын ичкертип жиберет. Ичимдикти көп ичкен адамдардын мээсинин нейрондорунун иштешин бузат. Бир бокал кызыл шарап ичсең дагы ал мээ жана нерв системасы үчүн уу болуп саналат.

Туздуу тамак. Туздуу тамак адамдын организмимдеги сууну азайтат. Ал кан басымдын жогорулашына алып келет. Мындай учурда тамырлар кысылып, кан айлануу бузулат. Албетте мээнин кан жүгүрүүсү начарлап, иштөөсү төмөндөйт.

Зыяндуу майлар. Буларга малдын майы кирет. Андан тышкары маргарин, фаст-фуд, ышталган колбаса, сосиска жана башкалар. Булар кан айлантууну начарлатып, анын негизинде башка кычкылтектин жана глюкозанын келишин төмөндөтөт.

Мээни жакшыртуу үчүн пайдалуу азыктар:

Татаал кычкылтектер. Татаал кычкылтектер- бул мээнин жакшы иштеши үчүн негизги отун болуп саналат. Алар организмде акырындык менен иштелип чыгып, мээни энергия менен камсыз кылат. Мээни кычкылтек менен камсыз кылуу үчүн буурчак, ар кандай түрдөгү ботколорду жана кебектүү ундан нан жасап жеш керек.

Балык. Балыктын бардык түрү мээге пайдалуу. Ал майга жана Омега-3 кислотасына бай. Бул заттар холестеринди төмөндөтүп, кан тамырларды тазалап, атеросклерозду жана дегенеративдүү мээ ооруларын азайтат.

Мөмө-жемиштер. Аталган азык-заттар антиоксиданттарга бай жана мээнин иштешин жакшыртуучу касиетке ээ. Курамында антиоксидант көп жемиштер катары кара моюл, клюква, кызылгат, кара бүлдүркөн, баклажан, томат, шпинат, малина, кара өрүк, брокколи капустасы, кызылча, авокадо, цитрустук өсүмдүктөр, кызыл жүзүм, кызыл калемпир жана алча кирет.

Жаңгак жана күн карама. Жаңгак жана күн карама өсүмдүк майына бай. Андан тышкары аларда Е витамини көп. Е витамини жаштыктын жана сулуулуктун витамини деп аталат.

Өсүмдүк майы. Бул өсүмдүк майынын жана Омега-3 май кислотасынын негизги булагы болуп саналат. Алар мээнин функционалдуулугун сактоого жана кан тамырлардын абалын жакшыртууга жардам берет.

В витаминине бай азыктар. В витамини брокколи капустасында, шпинат, салат жалбырагында жана буурчакта көп болот.

Жумуртка. Тооктун жумурткасынын калориялуулугу өтө төмөн. Болгону 70%. Бирок анда белок жана холин жогору. Бул мээ клеткаларынын нерв импульстарын иштетүүгө чоң жардам берет.

Көк чай. Көк чай полифенол деп аталган антиоксидантке бай келет. Ал баш мээнин глюкоза менен толуктайт. А глюкоза- бул мээге керектүү болгон энергиянын булагы.

Чечевица. Чечевица же жасмык –бул темирге өтө бай. Ал эми темир мээнин кычкылтек менен камсыз болуусун жөнгө салып, көңүл коюуну жакшыртат.

Жыпар-жыттуу чөп-чарлар. Имбирь, корица, куркума кан айланууну жакшыртып, нерв системасына өз функциясын жакшы аткарууга жардам берет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276355

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.