Кыргызстанда жер титирөө катталды

  15.08.17   09:25
 141

Кечээ,14-август күнү жергиликтүү убакыт боюнча 16:33 чамасында Кыргызстанда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Жер титирөөнүн очогу Арпа-Тектир айылынан 10 чакырым түштүк-чыгышта, Кегети айылынан 14 чакырым түштүк-чыгышта катталган.

Калктуу пункттарда жер титирөөнүн интенсивдүүлүгү Арпа- Тектир айылында 3 баллга жакын, Кегети айылында 2,5 баллга жакын болгон.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыйроолор жана адам өмүрүнө коркунуч алып келген фактылар катталган эмес.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276391

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.