Москвада Кыргыстан жараны мас абалында кафенин конокторун бычак менен коркуткан

  15.08.17   11:52
 81

Москвада Кыргызстан жараны мас абалында кафенин конокторун бычак менен коркуткан. Бул тууралуу Россиянын маалымдоо каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жаран кафенин конокторун жана администрациясын айнектин сыныктарын ыргытып, андан соң бычак менен коркуткан.

Кафенин администрациясы полиция чакырган. Окуя катталган жерге келген тартип сакчылары мас абалындагы 23 жаштагы Кыргызстан жаранын колго түшүрүшкөн.

Ал бутунан тура албагандай мас абалында болгондуктан кулап кетип, бычак менен баш терисин кесип алган. Учурда жаран Москванын ооруканаларынын бирине жаткырылып, "Ээнбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276395

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.