Россияда Кыргызстан жараны каза болду

  16.08.17   10:23
 96

Россиянын Ленинград облусунда Кыргызстан жаранынын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Орусиянын маалымдоо каражаттары жазып чыкты.

Аннолов айылынын тургуну арыктын боюнда адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу укук коргоо органдарына кабарлаган.

Окуя катталган жерге келген полиция кызматкерлери каза болгон адамдын өздүгүн тактаган учурда ал 38 жаштагы Кыргызстан жараны болуп чыккан. Каза болгон адам Санкт-Петербург темир өндүрүүчү заводдордун биринде иштегендиги аныкталган.

Жарандын өлүмүнүн себебин азырынча белгисиз. Денесинен киши колдуу болгон белгилер аныкталган эмес. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276422

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.