Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапары менен келди

  16.08.17   11:37
 85

Бүгүн, 16-августта, Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов иш сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Ариповду Бишкектеги эл аралык "Манас" аэропортунан Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Бүгүн, Бишкекте эки өлкөнүн премьер-министрлеринин катышуусунда Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын эки тараптуу кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны жана Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйыны өтөт. Жыйындын алкагында Кыргызстан жана Өзбекстан Республикаларынын өкмөт башчыларынын тар чөйрөдөгү жолугушуусу болот.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276425

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.