Текебаев менен Чотоновго ар бирине сегиз жылдан чегерилди

Мамлекеттик айыптоочулар соттон Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну суранган
  17.08.17   09:42
 160

Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновду 8 жылдан эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Андан сырткары судья прокуратуранын алардын үй-мүлкүн мамлекетке чегерип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка иштебесин деген да өтүнүчү канааттандырды.

Мамлекеттик айыптоочулар соттон Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Судья белгилегендей, "Кыргыз Республикасынын 2014-жылдагы БУУнун Адам укуктары декларациясынын 65 жылдыгы жөнүндө" мыйзамына ылайык Текебаевге чегерилген жаза мөөнөтүнүн үчтөн бири кыскартылат.

26-февралдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан Текебаев менен Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деп айыпталган. Соттолуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп баалап, өздөрүнүн актыгын айтып келет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276440

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.